www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжайда жаандан кийин сел жүрдү

Кадамжайда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-майда саат 13:30 чамасында мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Баткен облусунун Кадамжай шаарынын Южная көчөсүндө жайгашкан "Солнышко" бала бакчасынын жана лицейдин, ошондой эле Орозбеков көчөсүндөгү РИИБдин имаратынын жертөлөсүн жана Звездная көчөсүндө жайгашкан Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн участкасын каптаган.

Жерине мотопомпа менен 6 куткаруучу тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости