www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Марлен Маматалиев менен Султанбай Айжигитов айтыша кетти.

Депутат Айжигитов алтын казган компаниялардын кирешесинин кеминде 30 пайыздык үлүшүн милдеттүү түрдө мамлекетке алуу мыйзам долбооруна каршы чыкты. Ал мамлекеттин үлүшүн 70 пайыздан кем кылбаш керек деп эсептейт.

Ал эми демилгенин автору Маматалиев мында кеминде 30 пайыз деп белгиленгенин, аукционго коюлганда мамлекеттин үлүшү андан да жогору бааланышы мүмкүндүгүн белгиледи.

"Буга чейин лицензияны 300-1000 сомго сатып келишкен. Ошол жерде иштеп жүргөндө сиз эмнеге унчукпай отургансыз?" — деп суроо салды кесиптешине.

Айгижитов ошондой болгон чакта деле мыйзам жең ичинен сүйлөшүлүп каларын айтты.

"Жаш саясатчылардын ушундай позициясын укканда Кыргызстандын келечегине күмөн жаралат. Булар келчектеги премьер-министр, президент. Ошондуктан "давайте"...", — деди эле Маматалиев "давайте" дебей сүйлөңүз" деп кайрылды.

Анда Айжигитов улууларды сыйлап, каяша сүйлөбөшүн талап кылды.

Маматалиев "ансыз да буга чейин жаш курагыңызды сыйлап келгенбиз, жакшына сүйлөсөңүз!" деп жооп кайтарды.

Аны менен катар Айжигитов демилгечилерди коррупцияга жол ачып жатат деп айыптады.

Ошол учурда вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев эки депутаттын тең микрофонун өчүрүп, орундарына отурууга чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости