www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр кенинде иштеп жаткан чет элдик 18 жаранды кыскартуу 200 жергиликтүү адисти жумушка алууга шарт түздү. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" (КГК) ишканасынын аткаруучу директору Канат Курманов билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр сырткы башкарууга өткөндөн кийин чет элдик жарандардан башка кыскартуу болгон эмес. Алардын маянасы кыргызстандык 200 адистикине барабар болгон.

"Мурда кандай иштешсе, баары ошол бойдон эле калды. Бир гана чет элдик жарандар кыскартылды. Эгер жаңылбасам канадалык, малайзиялык, филиппиндик 18 адис жумуштан кетти. Андан кийин алар алып жүргөн маянага биз жергиликтүү калктын арасынан 200 адамды жумушка алганыбызды белгилей кетүү керек", — деди Курманов.

Мындан сырткары, ал жаш кадрларды стажировкага алуу жанданганын айтып, мурдагы жетекчилик буга анча көңүл бурбай келгенин белгиледи.

"Өткөн жылы жергиликтүү окуу жайлардын студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн акы төлөнүүчү стажировкага алдык. Учурда 91 стажёр иштеп жатат, анын ичинен мыкты жөндөмүн көрсөткөндөрдү штатка алып жатабыз. Быйыл дагы 100 жаш адисти стажировкага алып, туруктуу кадрлар резервин камсыздамакчыбыз", — деди Курманов.

Ошондой эле директор жергиликтүү жарандар такшалып, тажрыйба топтошуна мүмкүнчүлүк берип, келечекте алар дагы директор, топ менеджер болушуна шарт түзүүгө аракет болуп жатканын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости