www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бүтүн Кыргызстан” партиясына парламенттин жетекчилигинен сөөм кызмат арткан жок. Спикер да, вице-спикер да, комитет жетекчиси да буюрбады. Адахан Мадумаров деле бийлик башында экинин бири болуп парламентти жетектеп турган. 2003-жылы президент Аскар Акаев Каркыраны уулу Айдардын кайын-журту казакка карматканын бешиктен бели чыккан балдардын бары билет. Бирок парламенттен ратификациядан өтпөй жүрүп, Мадумаров спикер болгон соң гана парламенттен өткөн. Ал 2007-жылдын декабрында спикер болуп , 2008-жылы апрелде Каркыра ратификация болуп, андан соң парламенттин мааракесинде эски көк үйдү жаңгак менен жаңыртам деп кызматынан кеткен. Андан соң Мадумаров коопсуздук кеңешининин катчысы болуп турган 2008-жылы 26-ноябрда токтомдордо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келет деп көрсөтүлгөн. Бул токтомду даярдатууда шык берген ким экени белгисиз ал кездеги коопсуздук кеңешинин катчысы Мадумаров өзү болгон.

Эң эле кырдаалдуу коркунучтуу аймак Баткен облусун акыркы мезгилде кесме жыттанган адамдар гана башкарып жүрүшүп, куйругун кескен кескелдирикке окшоп баратат. Кескелдириктерди таш менен уруп  “кес куйругуңду” десе куйругун кесе качышат Баткен облус болгон соң биринчи губернаторлорунун бири Аскар Шадиев кескелдириктин накта өзүнө айланып, Тажикстанга «белекке» 104 гектар жерди берип жиберген. Лейлек районундагы Максат айылынын алдынан 35 гектар,  Максат-Кулунду жолунун жанындагы жер тилкеси Тажикстанга өтүп кеткен. Ушундай эле жер тилкелери Арка айыл аймагында бар. Кыргыз өкмөтүнүн камырабастыгынан улам, соңку отуз жылда Баткендин Лейлек району анклав абалына кептелип баратат. Шадиевдин мындай эркелигин мыйзамдаштыруу үчүн өз ара жер участокторун бөлүштүрүү боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын макулдашуусун ишке ашыруу үчүн 2005-жылы Бишкек өз кызыкчылыгын унутуп калат. Макулдашуунун чегинде Баткендин 104 гектар жер тилкеси Тажикстандын карамагына өтүп, анын ордуна кошуна мамлекет Кыргызстанга 5 гектар жер участогун берүү милдеттемесин алган.

 Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда өз ара жер участокторун бөлүштүрүү маселеси 2005-жылы 18-майда Дүйшөмбү шаарында макулдашылган. Ага ылайык, Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордону менен коңшулаш Согду облусундагы “Канибадам” көмөк чордонун бириктире турган жогорку чыңалуудагы электрлиниясын куруу үчүн Кыргызстан Баткендин чек ара аймагынан 104 гектар жер участогун Тажикстанга 50 жылга ижарага берген. Тажикстан анын ордуна Сурх жана Ворух айылдары аркылуу өткөн чек аралаш аймактан Ош-Баткен-Исфана жолун кеңейтүүгө 275 метр узундуктагы 5 гектар жер аянтын бөлүп бермек. Бирок Кыргызстан ал макулдашуунун шарттарын толук аткарып 104 гектар мурун Шадиев берген жерди бергени менен Дүйшөмбү бармагынын учун көрсөтүп, 5 гектар жерди берген эмес.

Мадумаров коопсуздук кеңешининин катчысы болуп турган  2008-жылы 26-ноябрда токтомдордо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо эки тараптын тең кызыкчылыгына тура келет деп көрсөтүлгөн. Ал үчүн жол жана көпүрө курууга Исфара дарыясын жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси кайрадан каралган. Тажик тарап бирок бул  милдеттемесин уруп да ойнобой, тоготпой койгон. Тажикстан убада кылган 5 гектар жер Кыргызстандын карамагына өтпөй калгандан кийин, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек ара тилкесин айланып өтмө жолду курууга киришкен. 23,5 чакырым аралыктагы автожолдун ал участкасы Европа Комиссиясынын долбоору боюнча 6 миллион 300 миң еврого каржыланган. Мына ошондон кийин, кыргыз өкмөтү кийинки сүйлөшүүлөрдө, бөлүнбөй калган 5 гектар жер тилкесин Тажикстандын Исфара районундагы Ходжа-Ало участкасынан бөлүп берүүнү тажик өкмөтүнөн талап кыла баштаган.

Кыргыз-тажик чыры ошондон бери түгөнбөй келатат. Тажикстандан кайрый турган жерлерге алар орун-очок алышып, ал эмес үй кура баштаганда кыргыз жарандары алар бул чыр жер экенин эскертишип ортодо чырлар болуп келатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости