www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орозоайым Нарматова УКМКга суракка чакыртылды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованы 14-январда саат 16:00гө суракка чакырганын билдиришти. Атайын кызмат буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Мунун алдында аталган фракциянын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протокол тууралуу сурак берип жатканы белгилүү болду.

Милиция Нарматованы былтыр сентябрда Ош аэропортунан Москвага учуп баратканда кармап Бишкекке алып келген. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ал Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыпталып жатканын кабарлап, ошол эле күнү сурактан кийин бошоткон.

Активисттин Кыргызстанга бир тууган агасын жерге берүү үчүн келгенде кармалганын бир катар саясатчылар, депутаттар жана жарандык коом сындап чыккан.

Нарматова президент Садыр Жапаров абакта жатканда анын активдүү колдоочусу болгон, бирок Жапаров бийликке келгенден кийин саясатын кескин сындап жүргөн.

Президент былтыр жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Нарматованын суракка алынышына каршы болгонун маалымдаган.

"Чычкандай кызга эрегишпейм, аны камабагыла деп ИИМден сурандым​. Бирок ар бир журналист болобу, блогер болобу сүйлөгөн сөзүнө жооп бериш керек", - деген Жапаров.

Орозайым Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен шайлоого катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости