www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен дагы бир жолу ачык айтып коёюн, октябрдагы төңкөрүштү Садыр Жапаров уюштурган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде айтты.
«Бизде Жапаров отурган абак менен байланыш болуп турган. 5-октябр күнү биз баарын талкуулап жаткан учурда Садыр Жапаров бизге тапшырма берип турган. «Бул жакка баргыла. Адамдарды чогулткула» деп. Муну менен ал бизди багыттап турду. Андан соң ошол күнүн кечинде биз аны абактан чыгарганыбызда ал башкарууну өз колуна алды», - деп белгиледи министр.
Бейшеналиев ошондой эле, Садыр Жапаров ага көп учурда жардам берип келгенин да кошумчалады.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди октябр окуясынан кийин Саламаттыкты сактоо министри кылып дайындаган.
Министр болгондон кийин президент менен тыгыз иштеп, ал ортодо дүйнөнү дүрбөткөн коронавируска каршы даарыны ойлоп тапкан. Алар коронавирусту жеңүү үчүн кадимки тоодо өскөн «уу коргошунду» колдонууну сунуштаган.
Жада калса министр Бейшеналиев маалымат жыйын уюштуруп, коомчулуктун алдында «уу коргошунду» кантип ичүү керектигин да көрсөтүп берген жайы бар.
Булак: NazarNews.kg