www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 14-январда эртең менен Баш прокуратурага суракка келди. Башкы көзөмөлдөөчү орган бул маалыматты бышыктады. Бирок кайсы маселеге байланыштуу сурак берилип жатканы тууралуу азырынча комментарий жок.
Айрым бир тактала элек малыматтарга караганда, Мадумаров - 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу чакырылды. Ал документке ылайык, кыргыз тарап Тажикстандан 275 чарчы метр өз жер тилкесин 49 жылга ижарага алган.
Былтыр октябрда президент Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара маселеси чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" да билдирген.
Талаштуу тилкелердин айынан эки өлкөнүн чек арасында чыр-чатак байма-бай болуп турат. Былтыр апрелдеги куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө - бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажикстан тараптан, расми маалыматтарга караганда, 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгон. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгогон.
Булак: NazarNews.kg