www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ыгы келсе, келбесе деле бийликти сындап, митинг, пикеттерге чыга берген бир тажаал аял бар. Клара Сооронкулова деген. Өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясына өтө калып, бирок жарытылуу добуш ала албады. Көпчүлүк колдобойт экен.
Бирок «оозум бар» деп эле чоёктогон сымал сөзү бүтпөй, президент Садыр Жапаровго асыла берет. Реалдуу сындаса, алгылыктуу сунуштарын айтса, анда жөндүү эмеспи? Антпейт. Тек гана жеңил пиар алуу, «атын чыкпаса жер өрттө» мисалында дубал сүзгөндөй образ жаратат.
Сооронкулова көптөн бери ишсиз жүрүп, «майлуу» кызматты эңсеп калганбы? «Сооротуп» коюш керекпи? Биздин угушубузга караганда, кара тору сулууга кызмат деле бербейт экен. Көчө оппозициясы мандайына жазылса, арга канча?..
Булак: Азия News гезити