www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирзиеев Александр Лукашенкого жооп берди

Мирзиеев Александр Лукашенкого жооп берди

Журналист: ЭЛИЗА ХАМРАЕВА
14.01.2022, 17:16
11482
|

Кечээ, 13-январда Өзбекстандын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө өзбек президенти Шавкат Мирзиеев Александр Лукашенконун Өзбекстан тууралуу айткан сөзүнө жооп берди.

«Айрым мамлекет башчылары Өзбекстан Казакстанда болгон окуялардан сабак алышы керек деген негизсиз билдирүү жасашты. Биз региондогу абалга, бардык коркунучтарга дыкат көз салып жатабыз. Коркунучтарга жооп кайтарууга керектүү потенциал жана күчкө ээбиз», - деди Мирзиеев.

Эске салак, буга чейин Беларусь президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүч мамлекеттердин башчыларынын онлайн-жыйынында Казакстандагы окуялардан биринчи кезекте Өзбекстан сабак алышы керек экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями