www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин жана Агрардык саясат жана азык-түлүк министрлигинин сайттарында өлкөнүн тургундарына карата коркутуулар жазылган билдирүлөр пайда болду.

Текстте украиналыктардын бардык жеке маалыматтары белгилүү бир "жалпы тармакка" жүктөлгөн жана персоналдык компьютерлердеги бардык маалыматтар калыбына келтирилбестен жок кылынат деп айтылат.

"Украиналыктар! Силер жөнүндө бардык маалыматтар ачыкка чыкты, корккула жана боло турчу эң жаман нерсени күткүлө. Бул силердин өткөнүңөр, азыркыңар жана келечегиңер үчүн. Волыния үчүн, OUN-UPA үчүн*, Галисия үчүн, Полисия үчүн жана тарыхый жерлер үчүн", - деп эазылган билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин хакерлер Украинанын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтын бузуп, жарандарга үч тилде: украин, орус жана поляк тилдеринде кайрылуу жарыялаганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости