www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин колубузга 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин, алгач Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева, андан кийин президент Алмаз Атамбаев жана ал дайындаган мураскери, президент Сооронбай Жээнбеков «Кумтөр» алтын кенин иштеткен «Центерра Голд инк» чет элдик компаниясына Кыргызстан тараптан өкүл болуп дайындалган жана $150-$200 миң доллардан маяна алышкан кыргыздардын ысымдары тийди.

Ушул, жогоруда аты аталган 3 президенттин каалоосу менен «Кумтөрдөн» $150-$200 миң доллар маяна же ооз басырык алышып, 11 жылдан бери кыргыз алтынын чет элдиктердин талап-тоноосуна көз жумуп келе жаткан төмөндөгү баатырларга назар салыңыздар:

1. Ибраев Карыбек Эмилжанович, 2010-жылдын 19-августунан 2014-жылдын 8-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.

2. Муралиев Амангелди Мурсадыкович, 2010-жылдын 19-августунан 2014-жылдын 8-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.

3. Ниязбек Алдашев, 2011-жылдын 23-июнунан 2012-жылдын 22-июнуна чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.

4. Шакиров Кылычбек Абидинович, 2013-жылдын 31-июлунан 2016-жылдын 17-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.

5. Садыров Калинур Алымбекович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.

6. Орозбаев Эмилбек Мусинович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.

7. Сагынов Бектур Өскөнбаевич, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.

8. Кубатов Эдуард Жумакадырович, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.

9. Кыштобаев Нурлан Жумабекович, 2016-жылдын 17-майдан 2018-жылдын 1-майына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.

10. Өскөмбаев Аскар Кубанычбекович, 2018-жылдын 1-майынан 2020-жылдын 4-декабрына чейин $200 миң доллардан маяна алып келген.

11. Касенов Дүйшөналы Рахимович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин $200 миң доллардан маяна алып келет.

12. Көбөнбаев Максат Шайлообекович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин $200 миң доллардан маяна алып келет.

13. Тенгиз А.У. Бөлтүрүк, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин $200 миң доллардан маяна алып келет.

Жогоруда аты аталган баатырлар 2010-жылдан кийинки кыргыз президенттери менен премьер-министрлеринин кызыкчылыктарын көздөгөн жана алардын сүрөмөсү, жөлөп-таяшы менен ушундай кызматтарга жана маяналарга жетишишкен.

Биздин «Кумтөр» алтын кениндеги булактарыбыз мындай маяналарга туйтунган жалпысынан 50дөн ашык кыргыз жарандарынын ысымдарын берүүгө убада кылышты.

Булак: KyrgyzToday.kg

Последние новости