www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-майда саат 14:00дө «Кумтөр» кениндеги ишмердикти текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия жыйынга чогулат. Бул тууралуу «Марал» радиосуна депутат Рыскелди Момбеков кабарлаган.
Анын айтымында, комиссиянын кендеги ишмердикти текшерүү боюнча алдын ала корутундусунун долбоору жарыяланат. Андан кийин парламенттин кароосуна киргизилет. Комиссиянын курамында 12 депутат бар, аны Акылбек Жапаров жетектейт.
Момбеков кошумчалагандай, 17-майда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Анда «Кумтөр» боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралышы мүмкүн. Ошондой эле Баткен окуясы да талкууланары күтүлүүдө.
Депутат «Кумтөр» боюнча сот процесси узак убакытка созуларын жана аны кезексиз жыйында кароого негиз көрбөй турганын айтты.
Булак: NazarNews.kg