www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу катаал карантин чаралары киргизилбейт. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, былтыр катаал карантин киргизилгендигине байланыштуу экономикалык кризиске туш болдук. «Карантинден кийин адамдар массалык түрдө коомдук жайларга бара башташты, ушул себептен 2020-жылдын май жана июнь айларында оорунун күч алышы байкалды. Биз учурда калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көбүрөөк көңүл буруп жатабыз», - деди министр.

Ошондой эле, министр белгилегендей, Бишкек азыр кызыл зонада, анткени калктын 100 миңине COVID-19 жуктурган 12-13 учур катталууда.

«Жарандарды муктаждыгы болбосо борборго аймактардан, аймактарга борбордон каттабай турууга чакырабыз», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости