www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл аягына чейин Кыргызстан экономикалык өсүштүн оң зонасына кириши мүмкүн. Мындай божомолун Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн улук экономисти Бакыт Дубашев билдирди.
Ал 2021-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өсүштүн терс зонасында турганын белгиледи.
«Биз жыл аягына чейин экономикалык өсүштүн оң зонасына кирүүсүн божолмолдоп жатабыз. Бирок чоң белгисиздик жана тобокелдиктер бар», - деди ал.
Дубашев 2020-жыл пандемия, ошондой эле саясий окуялар өлкөнүн экономикасына кандай таасир эткенин көрсөттү деп белгиледи.
«ИДПнын көрсөткүчү аймактагы эң начарлардын бири болуп саналат. Ушундай абалда кыйын болорун жана бизди экономиканы, ошондой эле инвесторлордун жана ишкердик менен алектенгендердин ишеним деңгээлин кантип калыбына келтиребиз деген белгисиздик күтөрүн болжолдоого болот», - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg