www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарында белгисиз автоунаа жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 10-май күнү Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, ушул эле күнү болжол менен саат 16.00 чамаларында Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз ак түстөгү автоунаа аны сүзүп, окуя болгон жерден токтобостон качып кеткенин билдирген.

Натыйжада, алган жаракаты менен Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына медициналык жардамга кайрылууга мажбур болгондугун маалымдаган.
Аталган арыз Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 155-беренеси (Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жабырлануучу адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бир күндүк издөө иштеринин натыйжасында Каракол ШИИБ боюнча ЖКККБнын жол-кайгуул кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочуну аныкташты.

Айдоочу 18 жаштагы кыз болгон жана анын айдап жүргөн «Windom» үлгүсүндөгү автоунаасы учурда атайын токтотучу жайга киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости