www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Негизи анклавга кире турган жолду тажиктерге ачып беришибиз керек», - деди бүгүн, 12-майда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев.
- Марлен Абдырахманович, эгер тажиктердин шартына көнүп, жол салууга макулдук берсек, стратегиялык катачылыкка жол берилип, Лейлек анклав болуп калбайбы? Лейлекти анклавда калтырбоонун жолу барбы?
- Жол боюнча сөз кыла турган болсок, негизи анклавга кире турган жолду тажиктерге ачып беришибиз керек. Бирок, ал жол 100% Кыргызстандыкы болуш зарыл. Тагыраагы, жаңы курула турган жол биздин баланста болуп, толугу менен зым менен курчалып турушу шарт.
Лейлекти анклавда калтырбаш үчүн сөзсүз түрдө 3-4 жерден биздин жолдор менен кесиле турган кылып, кесилген жерин шакекче менен бири-бирин тосо албай тургандай курушубуз керек. Ошондой эле, ал жолго кирип, чыккан жерине пост коюлушу шарт. Жолдун калган жерлерин зым менен тосуп коюшубуз керек. Акча гана жок да.
Болбосо ворухтан исфарага чейинки жер 30 км экен. Ошону деле мост аркылуу жол кылсак, үстүнөн өтө турган жол болуп калмак. Бирок, сөзсүз жолго кирип жатканда дагы, чыгып жатканда дагы пост коюлушу керек.
- Эгер чындап Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасын 1924-1927-жылкы карта менен аныктай турган болсок, кыргыздар Жерге-Тал менен Мургабды кайрып алууга мүмкүнчүлүгүнө ээ болобу?
- Ал карта саналуу эле чарчым жерде каралат деп турат. Ошондуктан, Жерге-Тал менен Мургапты кошуп алуу мүмкүн эмес. Эгерде бардык чек ара маселеси 1924-27-жылкы карта менен чечилсин дегенде анда кайрып алууга толук мүмкүн эле.
Булак: NazarNews.kg