www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМ: Баткенде жабыркаган 52 турак үйдүн орду тазаланды

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган 52 турак үйдүн орду тазаланды. Бул тууралуу маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча 220 объект талкаланганды. Анын ичинен 136 турак үй, 84 объект жабыркаган.

“Лейлек районунда 41, Баткен районунда 11 турак үйдүн орду тазаланды. Курулуш жүргүзүү үчүн аянттар даярдалды. Жалпысынан Лейлекте 8 миң 56 куб метр, Баткенде 1 миң 761 куб метр курулуш таштандылары чыгарылды. Аларды ташуу үчүн 33 бирдик техника 735 рейс аткарды”, - дейт ал.

Шамырканов Лейлекке 25 чатыр, Баткен районуна 36 чатыр, 32 мобилдик турак үй курулганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 кыргызстандык жабыркап, алардын 36сы набыт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости