www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

960-жылы Баласагында ислам дини мамлекеттик дин болуп жарыяланат, 988-жылы Киев князы орус элин зордук менен чокундура баштайт. Ал кезде Карахандардын мамлекети болгон, жүрүп отуруп атеисттердин да мамлекети Ала-Тоого орноду. Ошол кезде атеист менен динчил экөө кайым айтыша кетет. Билимдүү болсо керек, диний кызматкер сөгүнүп-сагынбай эле, атеистке: «Сиз айткандай тиги дүйнө жок болсо, сиз экөөбүз тең, көзүбүз өткөндө ирип-чирип жок болобуз. Эгер мен айткандай бул дүйнө жалган, тиги дүйнө чын болуп калса, көзүбүз өткөн соң шариат менен жүргөндөр менен шариатты тебелеп-тепсегендерди кантип кабыл алат» - дептир.

Учурда Арзыбек Буркановго окшогон бийликтин «серый кардиналдары» диний иштерге чейин киришип, муфтийлерди ордунан козгой баштады. Атамбаевдин убагында Орозбек Молдалиев деген дин иштерин тейлеген саясий серепчи бар болчу. Бул муфтийлердин тагдырын оңой эле чечип койчу. Аялы менен төшөктө жаткан муфтийди видеого чыгарып, мына бирөөнүн аялынын койнуна кирген муфтий деп жаңжаал чыгарганга мыкты болчу.

Шариаттан бир ооз икая келтирели: Кимдин уул баласы болсо, уул балдарыңарга менин көзүм өтүп кеткенден кийин бир тууган эже, карындаштарыңардан дайыма кабар алып тургула деп кулагына куя бергиле, куя бергиле, өмүрүңөр өткүчө айта бергиле.

Себеби: кыяматта эркек балдарга эже, карындаштардан кабар албаганы үчүн сурак болот экен. Ата - энеден кийин эже, карындаштардан кабар алыш бир тууган ага, инисинин мойнуна жүктөлөт экен.

Пайгамбарыбыз сахабалар менен мүрзөнүн жанынан өтүп баратып, бир мүрзөгө дарактын бутагын сайып коёт.

- Ушул мүрзөдөгү адам кабырда азапталып жатат, ушул бутак соолуганга чейин азабы жеңилдеп турат дейт. Сахабалар бул адам кандай күнөө кылган деп пайгамбарыбыздан сураса:

- Бул жигиттин бүт денеси өрттөнүп атат, оң колу гана өрттөнгөн жок. Себеби: эже карындаштардан кабар алган эмес. Бир күнү бул жигит бир досу менен баратып ушул көчөдө менин эжем жашайт деп, оң колу менен көрсөтүп койгону үчүн оң колу күйбөй атат - дейт.

Жөн гана көрсөтүп койгону үчүн кудай оң колун азаптан куткарды. Эки нан алып барып койгондо бүт денеси азаптан кутулмак. Муну көпчүлүк биле бербейт, ошондуктан билбегендерге айтып жеткириш, билгендердин милдети болуп эсептелет.

Кыргызстанда тыюу салынган диний, экстремисттик жана террордук уюмдардын тизмеси мындай:

"Аль-Каида" — 2006-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;

"Талибандар кыймылы" — 2006-жылы 15-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм деп эсептелген;

"Чыгыш Түркстан ислам кыймылы" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары табылган;

"Күрт элдик конгресси" ("Конгра-Гель") — 2008-жылы 11-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюмдардын катарына кирген;

"Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм экени белгилүү болгон;

"Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм деп саналган;

"Жихад тобу" — 2008-жылдын 11-июнунда Биринчи май райондук соту террордук уюм деп тапкан;

"Түркстан Ислам партиясы" ("Өзбекстан Ислам кыймылы") — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары таанылган;

"Мун чиркөөсү" — 2012-жылы 22-февралда Свердлов райондук сотунун чечими менен өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;

"Жайшуль Махди" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;

"Жундь-аль Халифат" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;

"Ансаруллох" (Ансарул Аллах) — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес;

"Ат-Такфир Валь-Хиджра" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;

"Акромия" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен экстремисттик уюм катары табылып, ишмердүүлүгү токтотулган;

"Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук соту экстремисттик уюм деп тапкан;

Ислам мамлекети (ИГИЛ, ДАИШ) — 2015-жылы 13-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;

"Джабхат ан-Нусра" — 2015-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Октябрь соту террордук жана экстремисттик уюм деген чечим чыгарган;

"Катибат аль-Имам аль-Бухари" ("Имама Бухаринин батальону") — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм деп табылган;

"Жаннат Ошиклари" — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм экени аныкталган;

"Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" — 2016-жылы 17-мартта Ош шаардык соту террордук уюм деген чечим чыгарган;

"Йакын-Инкар" — 2017-жылы 15-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен республика аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости