www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр компаниясы чыгымын олчойтуп каалагандай тайраңдашып, улуттун кызыкчылыгына кайдыгер карап келгени баарыбызга белгилүү», - деди бүгүн, 12-майда NazarNews маалымат агенттигине Осунбек Жамансариев.

- Осунбек мырза, Октярбрь райондук сотунун Кумтөрдү иштеткен ишканага чыгарган чечими ишке ашат, бул жерде талаш маселе жаралбайт деп ишенсек болобу?

- Октябрь районунун сотунун Кумтөрдү иштеткен компания боюнча чыгарган чечимин талкуулабай эле койсок болот. Экологияга келтирген зыяны жана салык боюнча 3 миллиард АКШ долларын өндүрүү чечими туура эле чыкты.

Анткени, экология маселеси Кыргызстан эле эмес, жер шаарында жашаган адамзатынын абдан көйгөйлүү маселеси. Мындайча айтканда экология боюнча эң туура чечим чыкты. Ошону менен бирге, салык боюнча чыккан чечим да мыйзамдын алкагында болгондон кийин, ал жөнүндө дагы талаш болбошу керек.

Буга чейин, Кумтөр компаниясы чыгымын олчойтуп каалагандай тайраңдашып, улуттун кызыкчылыгына кайдыгер карап келгени баарыбызга белгилүү. Эми максималдуу түрдө мыйзам чегинде иш алып баруу керек. Ошондой эле, соттун чечимин бир нече тилге которуу менен биздин коомчулукка эле эмес дүйнө жүзүнө жайылтуу керек. Ал эми, соттун чечими боюнча, аталган каражат Кыргызстандын мыйзамы аркылуу өндүрүлүшү керек. Анткени, башка инвесторлор да экология мыйзамын сактоо зарыл экенин билиши керек.

- Эми алар чегерилген сумманы төлөбөй коёбуз дешпейби? Акционерлер аларды коргоп чыкпайбы?

- Албетте, бизге маалым болгондой, Кумтөр ишканасынын үлүштөрүнө кыргызстандык чиновниктер ээлик кылаары да элге маалым. Алар тараптан сөзсүз түрдө ар түрдүү терс аракеттер болору белгилүү. Инвесторлор келбей калат деп коркуунун кажети жок.

Анткени, жогоруда көрсөтүлгөндөй маалымат ачык берилип, экологияга зыян келтиргендерин ачып көрсөтүлсө корко турган эч нерсе жок. Анын үстүнө сот жөн эле абадан алып чечим чыгарган жок да.

- Эми Кумтөр иштебей токтоп калбайбы?

- Кумтөр ишканасы убактылуу токтоп калуу менен бюджетибизге залал болбосо эле болду. Калганы абдан туура эле болуп жатат десек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости