www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Сузакта үйлөрдү суу каптап кетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Чангет-Сай дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суулар ашып, натыйжада Үлгү, Осмонов жана Кызыл-Багыш айылдарындагы 14 турак үйдүн короолорун жана тамактануучу жайларды суу каптап кетти. Ошондой эле, Бишкек-Ош унаа жолунун 577-чакырымын дагы суу алып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Жерине КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Сузак районунун акими, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан кызматкерлери барган.

Мындан сырткары жарандык коргонуу тузүмдөрүнүн өкүлдөрү жеринде иш алып барууда.

Жалпы 97 куткаруучу, жергиликтүү 38 тургун тартылып тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда тазалоо иш-чаралары жүргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу жабылып, 575 жана 578-чакырымдарында посттор уюштурулган. Унаалар Жалал-Абад шаары аркылуу өтүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости