www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматыда 7-апрелде дарыгер эмдөөдөн эки күндөн кийин үйүнө барып каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгон, деп жазат Tengrinews.kz.
Алматы шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти Коомдук саламаттыкты сактоо департаменти менен биргеликте эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүп, ага атайын адистер дайындалган.
«Иликтөөнүн натыйжасында бейтап Оруссияда иштелип чыккан «Sputnik V» вакцинасынын биринчи компоненти менен эмделгени аныкталды. Аял мурун жүрөк-кан тамыр системасынын өнөкөт оорулары менен ооруган жана жашаган жеринде диспансердик каттоодо турган», - деп билдиришти комитеттен.
Өлүмдүн себебин билүү үчүн Алматы облусундагы Медициналык жана фармацевтикалык көзөмөл департаменттери бейтаптын маршруту боюнча медициналык уюмдарда пландан тышкары текшерүүнү башташат. Вакцинанын ушул партиясынан эмделген калган бейтаптардын абалы начарлаган эмес экендиги белгиленди.
COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин каза болгондордун бар экендигине токтолсок, өлкөдө мындай учурлар катталган эмес.
Булак: NazarNews.kg