www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балмуздак жеп чоңоюп, «Ата-Мекен» аркылуу өкмөт башчылыгына жетип, «Кумтөр» боюнча одоно иштер менен камалып кеткен өкмөт башчысы бошотулду. Кемел Нанаев кемерине келип, Акаевди чарк айлантып турганда, бир тууган жээни Жоомарт Оторбаевди жолдо калтырган жок.

Атасы академик Кайып Оторбаев жаш кезинен оорукчан уулун физик кылып өстүргөн. Физик Акаев президент болуп турганда тагасы Нанаевдин аркасы менен экономистке айланган Оторбаев көз ачып жумгуча өкмөттүн вице-премьерине айланган.

2005-жылы Акаев чычаңдап качканда Оторбаев да качаарга жер таппай, Европага жөнөгөн. Капчыгы кенен Оторбаевди 2010-жылы Убактылуу өкмөт бийликке келген соң, Өмүрбек Текебаев кайрадан 2011-жылы вице-премьерге алып келип, 2012-жылдан биринчи вице-премьер кылган.

Акыры 2014-жылдын 26-мартында Жантөрө Сатыбалдиевди жыга сүзүп, Атамбаевди кыжалаат кылып отуруп өкмөт башчысы болду. Бирок премьер болуп узак деле иштеген жок, «Центерраны» көргөндө сезими ойноп кеткен Оторбаев ошол үчүн камакта отурду.

Кыргызстан ЕАЭБге кирээрде Орусия мекенибиздин даярдык иш-чараларына 200 миллион доллар грант катары бөлүп берген. Бирок ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев жетектеген өкмөт ал акчаны мамлекеттер арасында кыргыз элинин кызыкчылыгына пайдаланбай, Андрей Бельяниновдун жеке чөнтөгүнө, Араз Агаларов жетектеген “Крокус” фирмасына 129 миллион долларды которттуруп бергени ачыкталып, Оторбаев бир жыл өтпөй 2015-жылы апрелде ордун Темир Сариевге бошотуп берген.

200 миллион доллар грантка түздөн-түз тийешеси бар катары экономика министри Темир Сариев жана анын орун басары Мирлан Байгончоковдун ысымдары аталып жүрөт. Мамлекетибиз ЕАЭБге эч кандай даярдыгы жок киргенин кантип унутабыз? Ар кандай лабораториялар жана чек ара бекеттери кеч же кайра өзүбүздүн башка булактардан курулган.

Тергөө органдары бул маселени териштирип, күнөөлүүлөрдү аныктайт деген ишенимде элек, бирок бул маселеге эч ким көңүл бөлгөн жок. Мурдагы премьер-министр Оторбаев УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал тергөө бүткөнгө чейин абакта болоору айтылган. Баш коргоо чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан тандалган.

Атайын кызмат Оторбаевди "Кумтөр" кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 16-августта кармаган. Ал Кумтөр голд компанинин (Центерра голд инк.) кызыкчылыгы үчүн буйрук чыгарып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдугун берген деп айыпталган.

Улуттук коопсуздук комитети мурдагы премьер Оторбаевди кармаганынын себебин минтип айткан. Ага – Кумтөр боюнча экологиялык экспертиза даярдалып жатканда Экология агенттигине басым жасаган жана мыйзамдары бузуп, «Кумтор голд кóмпанинин» кызыкчылыгында чечим чыгарган деген күнөө коюлду деп. Ал компания болсо Давыдов атындагы жана «Лысый» деген мөңгүлөрдү бузган жана андай аракеттерин мыйзамдаштырууга кыргыз бийлигин мажбурлаган.

Бирок баарыбыз билебиз – бир кездеги президент Аскар Акаев менен премьер Николай Танаев 2003-жылдын 31-декабрында Кумтөр долбоорун кайра түзгөндө, Оторбаев вице-премьер болчу. Ал чечим менен канадалык «Камеко» компаниясынын ордуна ошондой эле канадалык «Центерра» пайда болгон, долбоордогу Кыргызстандын үлүшү болсо 67 пайыздан 33 пайызга чейин түшүп кеткен.

Демек, Оторбаев эмне болуп жатканын ошол кезде эле жакшы түшүнгөн жана 10 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин – ага өтө таасирдүү күч катуу басым жасаганынан улам гана экологиялык экспертизаны Кумтөрдүн пайдасына бурган деп божомолдосо болот.

Андай күч ошол убактагы президент Атамбаев болушу мүмкүн. Эми Жоомарт, эгер мүмкүн болсо, тергөө менен кызматташып, Атамбаевдин ошол жана башка былык аракеттерин ачыкка чыгарса жакшы болмок. Жоомарт Оторбаев же Кубанычбек Кулматов сыяктуу бир топ башка адамдын эң негизги катасы – алар бир кезде Атамбаев менен достошуп, анын тилине кирип алганы.

Атамбаев болсо Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө атайылап балта чаап, көптөгөн адамды өзү менен кошо мыйзамсыздык сазына батырып салган саясатчы. Кумтөр боюнча экологиялык экспертизанын түпкү максаты – Кыргызстандын Суу кодексине өзгөртүү киргизип, мөңгүлөрдү жок кылып жаткан канадалык компанияны жоопкерчиликтен бошотуу болгон.

Ал кодекс 2012-, 2013-, 2016-, 2017- жана 2019-жылдары өзгөртүлгөн, азыр сөз болуп жаткан кошумчалар тууралуу мыйзам болсо 2017-жылдын 23-ноябрында кабыл алынган.

Кодекстин «Мөңгүлөрдү коргоо» деп аталган 62-беренесине «Көмүр, күл же башка нерселерди пайдалануу менен мөңгүлөрдүн эришине же алардан чыккан суунун башка кандайдыр бир ыкмалар менен булганышына алып келген аракеттерге тыюу салынат» деген сөздөргө: «Давыдов атындагы жана Лысый мөңгүлөрүнө мындай тыюунун тиешеси жок» деген сүйлөм кошулган.

Даярдалган өзгөртүүлөр боюнча ошол 2017-жылдын 10-ноябрында «Парк-отелде» атайын тегерек стол уюштурулган жана анда чыгып сүйлөгөн депутат Айтмамат Назаров – мыйзам долбоору ошол убактагы премьер Темир Сариевдин колу коюлган өкмөттүн токтому менен кошо Жогорку кеңешке 2015-жылдын 14-майында келип түшкөнүн билдирген.

Бир нерсеге көңүл бурулган эмес 2015-жылдын 23-апрелине чейин өкмөттү дал ушул Жоомарт Оторбаев жетектеп, бул мыйзамдарды түзүүгө демилгечи болгон. Мыйзам биринчи окуудан 2015-жылдын 17-июнунда, ал эми экинчи окуудан ошол эле жылдын 26-июнунда өткөн.

Жоомарт Оторбаевден кийин 2015-2016 жылдары премьер болгон Темир Сариев быйыл 3-августта кармалган. Ал тергөөчүлөргө – экологиялык экспертиза мен премьер боло электе эле даярдалган деп айтып жатат, Сариевге чейин 2014-2015-жылдары Оторбаев премьер болгон. Ошол эле учурда ал экспертиза Оторбаев премьердин милдетин аткаруучу болуп 2014-жылдын 26-мартында жана премьер болуп 3-апрелде дайындалганга чейин эле даярдала баштаганы да толук ыктымал.

Оторбаевге чейин болсо 2012-2014-жылдары Жантөрө Сатыбалдиев премьер эле. Атамбаев Кыргызстанды бийлеген 6 жыл ичинде 6 адам премьер болгон: Бабанов-Сатыбалдиев-Оторбаев-Сариев-Жээнбеков-Исаков. Өкмөт башчыларынын мынчалык аз убакыт иштегенинин себеби – былык иштердин изин кийин эч ким таба албасын дегенде жатышы мүмкүн. Аны менен катар, премьерлердин тез алмашканы менен аларды жоопкерчиликтен куткаруу да көздөлгөнү ыктымал.

Андай болгондо, Атамбаев жоопкерчиликтен кутулуунун кынтыксыз ыкмасын таптым деп ойлогон сыяктуу. Чечимдин баарын ал өзү кабыл алат, бирок ал чечимдерди ишке ашыргандар улам алмашып турат – ишти бир премьер баштайт, аны башка өкмөт жетекчиси бүтүрөт, ал эми жыйынтыктоочу документтерге үчүнчү премьер кол коёт.

Чечим чыгарган президент аны менен – силерди эч ким кийин жоопко тарта албайт деген кепилдик бергендей. Чечим кабыл алып, анын пайдасын президент көргөнү менен, андан да көп пайданы – Кумтөрдү иштетип жаткан компания табууда жана анын иши биринчи күндөн тартып коррупция менен коштолгон.

Кумтөрдү иштетүү боюнча 1992-жылдын декабрында Канаданын Торонто шаарында алгачкы келишим түзүлгөндө, ошол кезде «Кыргызалтынды» башкарган Дастан Сарыгулов ага каршы чыгып, келишим текстинен алтымыштан ашык ката тапкан, бирок эки эле күндөн кийин жибип, кийин ал тууралуу эч нерсе дебей калган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости