www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр иши" боюнча кармалган мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 20-ноябрдагы чечими менен чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде абактан бошотулду. Бул тууралуу аталган райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Оторбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко Башкы прокуратура кайрылган.

Кыргыз өкмөтүн 2014-2015-жылдары башкарган Жоомарт Оторбаев "Кумтөр ишине" байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) тарабынан 16-сентябрда кармалып, аталган мекеменин тергөө абагына камалган.

УКМК Оторбаев премьер-министр болуп турганда мыйзамдын талаптарын бузуп, “Кумтөр Голд Компани” чет элдик ишканасынын "кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген" деп билдирген.

Биринчи май райондук соту 20-ноябрда мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин дагы бөгөт чарасын өзгөртүп, эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотконун билдирген.

«Кумтөр» иши боюнча буга чейин мурдагы президент Аскар Акаев баштаган он беш чакты мурдагы жана азыркы аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары сурак беришкен. Айрымдары камалган. Кээ бирөөлөрү тергөө менен кызматташканы үчүн, айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости