www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда чуулгандуу Кумтөр чыры уланып жатат, ал барган сайын коомчулукта катуулап талкууга алынып баштады. Майдын орто ченинде мамлекеттик комиссия миллиондогон зыяндын келтирилгенин уктурган болчу. Андан көп өтпөй эле Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана Өмүрбек Бабановдор кармалып, камалышкан. Суракка алынып жана коё берилгендер Темир Сариев, Игорь Чудинов жана Жылдызкан Жолдошевалар.

Серепчи Алибек Мукамбаев жемкорлук ишти саясат менен байланыштыруунун кереги жок экендигин бегиледи.

“Кумтөр боюнча кармоолорду саясатка чаптабашыбыз керек, бул саясий күрөш эмес. Анткени кармалгандар андай күрөш жүргүзүшкөн деле эмес. Алар президент Садыр Жапаровго ачык каршы чыгышкан эмес, деги эле азыркы бийликке булар атаандаш боло алышпайт. Бул бир гана экономикалык маселе боюнча”.

“Экинчиден, азыр тергөө толук бүтө элек. Башкача айтканда аларды эки айга гана камакка алышты. Алдыда тергөө иштери, соттор бар. Аларды Кыргызстандын жараны катары сотто коргоого укуктары бар.

Кээ бир коомчулуктун катмарындагылардай болуп аларды айыптоого шашууга да жарабайт. Баары кези келгенде болот. Улуттук коопсуздук комитетинин кармоого негизи бар, сот эки айга камоого чечим чыгарганга укугу бар. Кармалгандардын жактоочуларынын позициялары деле туура бир чети, бирок бул ишти саясий өңүткө тартууга өтө активдүү аракет жасагандар байкалып жатат”, - деп белгилейт ал. 

Эксперттин сөзү боюнча, Кумтөр иши өтө олуттуу, чоң иш катары баалашыбыз керек.

“Муну саясатка аралаштырбоо керек, бул коррупция. Азыркы скаясий лидерлерге алардын чиндерине, наамына карабай жазаларын бериш керек. Албеттте жазалаганга негиз болсо гана. Ушундай принципти карманыш керек”, - дейт Алибек Мукамбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости