www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жактоочу Таалайкүл Токтакунова Орхан Инандынын жоголуусуна чейинки унаасындагы тартылып калган акыркы жазууларды көрсөттү. Бул тууралуу жактоочу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Балким, кимдир бирөө бул тартылып калган адамды билет. Орхан Инандынын жакындарынын айтымында, тергөөчү тартылып калган бул жазууларды алган эмес. ИИМ күбөлөрдү сураштырып издөөнүн ордуна курулуштардан издөөнү туура көрүп жатат окшойт. Бул тасма тергөөчүгө өткөрүлүп берилди", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Буга чейин "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.

https://www.super.kg/upload/janylyk/2021/6/364437_3.jpg

https://www.super.kg/upload/janylyk/2021/6/364437_2.jpg

https://www.super.kg/upload/janylyk/2021/6/364437_024.jpg

https://www.super.kg/upload/janylyk/2021/6/364437_4.jpg

Анда 1-июнь күнү болжол менен саат 4:20да 102 кызматына 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде Lexus 470 үлгүсүндөгү унаасынын эшиги ачылып, ичинде ээси жок бош турганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барганда, Орхан Инандынын баласы арыз менен кайрылган. Арызда атасы 31-майда кечки саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз экенин жазган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости