www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кумтөр Голд Компани” Экология жана климат боюнча мамкомитеттин адистерин жол тандабас менен камсыздады. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди. 

Социалдык тармактарда тарап жаткан “Кумтөр Голд Компани”  Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине унаа берди деген билдирүүнүн туура эмес чечмелөөсүнө жол бербөө үчүн төмөнкүлөрдү билдирет:

Автоунаа “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын балансында турат жана КР Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине убактылуу пайдаланууга берилди жана Мамкомитеттин техникалык жабдуусунун жетишсиздиги менен адистердин жолу начар аймактарда жайгашкан мамкомитеттин объектилерине баруу зарылчылыгын эске алып бул унаа жалаң гана жумуш үчүн колдонулат. Жол тандабас автоунаа эксперт-экологдордун жана Мамкомитеттин башка адистеринин өлкө ичиндеги жетүүгө кыйын аймактарга баруу көйгөйүн чечип берет.

Мындан тышкары, “Кумтөр Голд Компани” ЖАК Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин адистеринин “Кумтөр” кен ишканасына текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү, бузууларды жоюу боюнча сунуштарды берүү жана компаниянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка иштерди аткаруу үчүн тоскоолсуз келүүсүнө максималдуу кызыкдар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости