www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жээнбеков менен Зулпукаровдун камалышы бул саясий куугунтук эмес, саясий чечим болду», - деди бүгүн, 8-июнда NazarNews маалымат агенттигине жарандык активист Мирбек Маниясов.

- Мирбек, «Кумтөр» кенин иштеткен компаниянын былыгы чыккан сайын ал жактан сый акы алып турган азаматтарыбыздын да аттары атала баштады. Аларды жоопко тартыш керекпи?

- Элдин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чыгып, алтын казган жеке компаниянын кызыкчылыгын жогору коюп. Алардын берген каражатына алданып, алардан акча алып, таламын талашкан азаматтардын аттары аталмак турсун, сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылышы керек. «Кумтөрдөгү» махинацияга аралашып, үлүш алып, сый акы алып трурган адамдар премьер-министр болобу, депутат болобу ээлеген кызматына карабай жоопко тартып, жазалаш керек.

- Бирок, анткениңиз менен камалаар замат алар эл уулуна айланып, алардын таламын талашып, митингге чыккандар да болуп жатат го?

- Камакка алынгандар боюнча ар ким кол ийрисине тартып, жаман болсо да биздин бала деген түшүнүк менен митингге чыгып жатышат окшойт. Ошон үчүн камалып, былыгы чыгып жатканына карабай «бул биздин бала, биздин жердеш» деп көчөгө чыгып жатышат.

Чынында мындай адатты токтотуш керек. Анткени, биз качан гана жердешчилик, тууганчылык деген оорудан арылганда гана оңолуу жолуна түшөбүз. Жеенбеков менен Зулпукаровдун камалышы бул саясий куугунтук эмес, саясий чечим болду. Муну да кубатташыбыз керек. Чынында темирдей тартип орнотууга мезгил жетти.

Эгер биз күчтүү, мыйзамдуу мамлекетте жашагыбыз келсе, башаламан митингдерге, бирөөнүн тарапташы катары көчөгө кыйкырып чыгууга тыюу салган мыйзам кабыл алышыбыз керек.

- Ал эми Абылгазиев менен Бабановдун камалганычы?

- Бабанов менен Абылгазиевдин камалышы алар менен табакташ болгондордун жүзүн ачууга жол ачат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости