www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акаев убагында “Сибеконун” башчысы Бирштейндин үйүнө анын жеке самолету менен барып келгенден кийин эле, аларга жалгыз “Кумтөр” эмес, анын айланасындагы бардык жер байлыгын өткөрүп берип койгон. Аны менен бирге “Макмал” алтын кенинен казылган эки тонна алтын Швейцарияга контрабанда жолу аркылуу ташылып, жеке фирманын эсебинде жаткандыгы тууралуу факты да ачылган. Бул кылмыштуу иш боюнча эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Али күнчө тиешелүү органдар тергеген да жок, андыктан, күнөөлүүлөр жоопко тартылбай, изин суутту.
“Кумтөр” саясий “чайкоочулуктун” курмандыгы болгон
Кыргызстандын мурунку президенти Аскар Акаев Санжар Айтматовдун пикири боюнча Канадага биздин мамлекеттин эң бай жерин Кумтөрдү кармата берген. Кумтөр аркылуу биздин алтындар Канаданын ишкерлеринин капчыгына жаап келди. Арийне, Акаев бийлиги элдин мүдөөсү үчүн күрөшкөндүн ордуна “Кумтөрдүн” адвокаты болгондон башка жолду таба алган жок. Ошол учурдагы бийликтеги төбөлдөр душмандык менен алектенип, кыргызга кылдай жакшылыгын көрсөткөн жок. “Кумтөр” кениндеги баш аламандыктан улам 1994-жылы ошол кездеги легендарлуу парламент таркаттырылган, тилекке каршы, бийликти бир колго топтоп узурпациалагандыгы жана мамлекеттин казынасынан уурдап, жеп-ичкен фактылары боюнча кылмышка баткан Акаев жоопко тартылбай келе жатат. Буга бийликтин да кызыкчылыгы бар экени Акаевди жоопкерчиликке тартуу боюнча бир ооз кеп козголбогондугунан улам көрүнүп турат. Чындыгында, “Кумтөр” маселесинин ана башында Акаев, Жумагуловдор турат. Демек, биринчи кезекте дал ушул адамдарга чаралар көрүлүп, жазаларын алууга тийиш эле.
Эгерде Аскар Акаев башында туруп, коррупцияга жол коюп, чырмалышкан ыплас жол менен жеке кызыкчылыктарын коргобосо, 2003-жылдагы “Центеррада” өткөн сүйлөшүүлөргө Акаевдин баласы маркум Айдар Акаев эмне үчүн Кыргызстандын атынан катышкан? Себеби, Акаев 1993-жылда эле “Кумтөрдун” тагдырын чечип коюп, баласына өткөрүп берген. 2003-2004-жылдагы келишимге кол коюуда коррупциялык жолдор менен маселе чечилген деген аңыз кептер, айыптоолор айтылып жүрөт. Бирок муну далилдеген, тастыктаган эч кандай документтер сотко берилген эмес. Андыктан бул жөн гана саясий чайкоочулуктай таасир калтырат. Чыныгы укуктук норма боюнча сотто андай факттар далилденип, тастыкталса гана коррупция болгон деп айтууга болот.
Албетте, башка эл аралык компаниялардай эле “Центерра Голддун” коррупцияга каршы, этикалык нормаларды сактоо, ишкердик жүргүзүү боюнча катаал саясаты, эрежелери бар. Андан сырткары канадалык компания катары Канаданын эң демократиялуу, коррупцияга катаал талап койгон мыйзамдарына баш ийет. Ал мыйзамдар коррупциялык системалар менен иштесе Канадада инвестиция салган канадалык компанияларды катуу жазалайт. Канадада гана, ал эми Кыргызстанды сыгып алтынын ташып кетиш керек. Ага Акаевдик бийлик көмөктөш болот... Ошол кездеги өкмөт башчысы Танаев жана башкалар Акаевдердин буйрутмасын таамай аткарышкан. Башкы прокуратура “Кумтөр” боюнча коррупцияны аныктагандыгын жарыялаганы менен колго тийбеген Танаев менен эле чектелбей, дал ошол экс - президент Аскар Акаев менен ошол кездеги Жумагулов, Аскар Сарыгулов жана башка жакындарынын баарынын үстүнөн тергөө жүргүзүлүшү керек эле, тилекке каршы, андай болгон эмес. Эмне үчүн Акаевдин, Танаевдин экстрадициясы жөнүндө сөз да болбогон? Бул акыркы чек эмес көрүнөт, дагы канчасы соттолоору белгисиз эле. Бийликтегилердин бир гана бетине кармаган шылтоосу алтын кенин кыргыздар өздөрү иштете албайт имиш, а муну айтуу менен алар кыргыз элин келесоо катары көрүп келди. Ошондой эле, кенди иштетүүнү каалаган атуулдарды көзгө да илбей, кайра жаманатты кылгандан башка аракеттери жок болду.
“Кумтөр” мүлжүнүп бүткөн соң, сөөгү эле кыргызга калабы?
«Центерра Голд» эл аралык биржада көп каражат жана пайда табууну көздөгөн акционердик компания. Бул компания 2004-жылы Кумтөргө келгенде, кен казуу дээрлик соңуна чыгып, 2009-жылы иш аяктаары күтүлүп турган. Компания адистерди, эксперттерди жана инвестиция тартуу боюнча бир топ иштерди аткаруу менен кен казууну 2026-жылга чейин узарткан. 2004-жылдан бери “Центерра” Кумтөргө бир миллиард доллардан ашуун инвестиция салды, бирок канчалаган миллиард долларлык алтынды ташып кетти? Бул ишкана геологиялык иликтөө иштери, жабдык-техникаларды алмаштыруу, алардын сапатын жакшыртуу аркылуу кенди кеңейтишти.
“Центерра Голд” компаниясынын “Кумтөр” чоң долбоору, андан сырткары Монголияда эки долбоору жана Түркияда да бар. Монголиядагы Боро менен Гацуурт кендери Кумтөргө салыштырмалуу өтө эле чакан кендер экени белгилүү. Ал эми “Кумтөр” дүйнөлүк запасы бар кендерге кирген. Эми кенди казып бүтүшсө керек. Кен көп жылдык эле, андыктан пайдасы да арбын, түшкөн каражатты Кыргызстандагы жана Азиянын башка өлкөлөрүндөгү кендерге кайра инвестиция кылууга мүмкүнчүлүк берет. “Центерра Голд” Азия континентинде долбоорлорду ишке ашырууга өтө кызыкдар компания. Америка өлкөлөрү Боливия, Венесуэла жана башкалар баалуу кен байлыктарын улутташтырып алганда, батыштагылардын чырылдап кала берген. Кийин Атамбаев президент болгон соң мындай эрдикке бара алган жок. Атамбаевдин ырдаган гимни “инвестор келбей коет...” эле, бирок, ошол эле убакта кыргыздын байлыктарын коңшу Кытайга эле берип жатты да.
Атамбаев түзгөн келишимдин долбоорунда “Кумтөргө” кыргыз тарап 2026-жылы гана ээ боло алат” дегени өтө таң калычтуу. Кебетеси, “Центерра” алтындын баарын ташып кеткенден кийин, Кыргызстанга таштандысын эле калтырат деген эле ой болгон. Бул кыргыз элин шылдыңдагандык эмей эмне? Ошол эле убакта кыргыздар негизги алтынга эмес, “хвостохранилищеге” да ээ боло албайт экен. Мындай келишимдин кыргыз эли үчүн кереги канчалык эле? Кыргыз элине душмандык кылгандар ушуга окшогон келишимди жактоо максатын көздөп, титулдук кыргыздарды, “Кумтөр” келишимине каршы чыккан кыргыз жарандарын түрмөнүн түбүнө салып, соттоп, көзүн тазалап, жок кылганга аракет жасап жатканы эмне деген жорук. Кыргыз элине душмандык кылган отуз жылдан берки бийликтин куйругу али күнчө үзүлбөдү, чиркин... “Кумтөр” ишканасы Кыргыз Республикасында бирден бир эл аралык биржалар менен кызматташкан акционердик компания болуп саналат. Азыркы мезгилде дүйнөлүк стандарт боюнча эл аралык акционердик компанияга атайын талаптар, анын ичинде рыноктун талаптары, мыйзам нормалары, ушул компания түзүлгөн Канаданын укуктук шарттары жүктөлөт. Ошол нормаларда акционердик компаниянын иштөө шарттары аныкталат. Мына ошол шарттарга ылайык, “Кумтөрдүн” үлүшүн 50% төмөн коюуга болбойт. Бул бүтүмду бир гана “Кумтөр” ишканасынын жетекчилиги кабыл албайт, ошондой эле бул компаниядагы акциялардын ээлери да бул көрсөткүчтү жактырышы керек. Андыктан кыргыз парламентинин да муну түшүнүп, укуктук алкакта чечим кабыл алганы рыноктун талаптарына жана эл аралык экономикалык мыйзамдарга да туура келмек. Бардык чечимдер укуктук нормалардын чегинде гана болгондуктан, эгер сотко жеткен күндө да, ал мезгилде “Кумтөр” ишканасы соттон утуп алуу шансы жогору турган. Ансыз деле экономикабыз “мышык ыйлай” турган абалда турганда, “Кумтөр” ишканасы менен соттошуунун кереги бар беле? Чындыгында 50-50% көрсөткүч бардык тараптарды: Кыргыз Республикасын, “Кыргызалтынды”, кыргыз өкмөтүн канааттандырган сунуш болуп турган. Бирок, бул сунуш ошол кездеги парламентте колдоо тапкан эмес. Кыргыз Республикасы ал кезде парламенттик мамлекет болгондуктан кыргыз парламентарийлеринин алдыда кенди иштетүү боюнча кандай сунуш айтаарын, ой-пикирлери негизги ролду ойной турган. Парламент меморандумду жактырбай койгондуктан, өкмөткө кайрадан мөөнөт берилип, эми биздин мамлекетке, түшкөн пайданын 67 пайызы берилишин эл өкүлдөрү талап кылышкан, болбосо денонсация маселеси жаралмак. Мындай кезде “Кумтөр” ишканасы да өз акционерлеринин кызыкчылыгын коргоого мажбур болгон. Ал кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өзүнө алган милдетти аткарып, оң натыйжа алып келе албай турган. Ошол Кумтөр маселесинен соң Сатыбалдиевдин өкмөтү урады.
Бийликти «Кумтөр» сыяктуу бай компаниялар оп тартып соруп турат
Ошол кезде Сатыбалдиевдин өкмөтү менен “Кумтөрдүн” ортосунда узак, ал тургай кыйла татаал сүйлөшүүлөр болду. Анын натыйжасында бардык тараптарды канааттандыра турган чечимдердин меморандуму кабыл алынган. Бул меморандум боюнча эки тараптын үлүшү бирдей болгон биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашууга жетишилген. “Кыргызалтын” мамлекеттик ишкана катары директорлор кеңешинде теңме-тең өкүлдөрү болуп, ага жетекчилик кылмак. Мындан тышкары “Кумтөр” компаниясында 2700 кызматкер туруктуу негизде эмгектенип, ага кошумча бир миңдей адам келишимдик негизде иштемек. Бул ишканада иштегендердин 96% Кыргызстандын жарандары, алардын алган айлык акчасы Кыргыз Республикасынын ичинде калмак. Бул гана эмес, андан сырткары компания жылына 68-78 миллион долларга жергиликтүү элден продукция сатып алмак. Бул канчалаган жумуш ордун камсыз кылат? Кыргызстандын премьер-министри, “Кыргызалтын”, кеңешчилер Кумтөрдүн жаңы шартта иштеши парламент тараптан колдоо тапкан эмес. Карапайым эл каңырыгы түтөп жашап жатканда, Кумтөр алтын кенинен $150.000 - $200.000 маяна алышкан кыргызстандыктын ысымдары булар:
Касенов Дүйшөналы Рахимович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет.
Тенгиз А.У. Бөлтүрүк, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет.
Ибраев Карыбек Эмилжанович, 2010-жылдын 19-августунан 2014-жылдын 8-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.
Ниязбек Алдашев, 2011-жылдын 23-июнунан 2012-жылдын 22-июнуна чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.
Шакиров Кылычбек Абидинович, 2013-жылдын 31-июлунан 2016-жылдын 17-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.
Садыров Калинур Алымбекович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.
Орозбаев Эмилбек Мусинович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.
Сагынов Бектур Өскөнбаевич, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.
Кубатов Эдуард Жумакадырович, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.
Кыштобаев Нурлан Жумабекович, 2016-жылдын 17-майдан 2018-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.
Өскөмбаев Аскар Кубанычбекович, 2018-жылдын 1-майынан 2020-жылдын 4-декабрына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.
Көбөнбаев Максат Шайлообекович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет.
Жогоруда аты аталган баатырлар 2010-жылдан кийинки кыргыз президенттери менен премьер-министрлеринин кызыкчылыктарын көздөгөн жана алардын сүрөмөсү, жөлөп-таяшы менен ушундай кызматтарга жана маяналарга жетишишкен. Жакында “Кумтөр” алтын кениндеги булактар мындай маяналарга туйтунган жалпысынан 50дөн ашык кыргыз жарандарынын ысымдарын беришет.
(Уландысы бар)
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg