www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия:

Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 117 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 102 адамдан коронавирус илдети аныкталса, башка региондон келгендерден 15 адамдан илдет тастыкталган.

Бишкек шаары боюнча:

Ленин району - 20;

Свердлов району - 18;

Биринчи Май району - 21;

Октябрь району - 43.

Ал эми башка региондон келгендер 15 адам катталды.

"Кечээ 32 адам ооруканага жаткырылды. Амбулатордук түрдө дарылангандардын саны 85.

Конокторду чакырууну, үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү токтото тургула. Өзүңөр дагы конокко барбай тургула. Аралыкты сактап, санитардык эрежелерди так сактоого чакырабыз", - деп билдирди Айнагүль Рыскулбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости