www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга жеңил автоунааларды ташуунун саны эки эсеге азайды

Кыргызстанга жеңил автоунааларды ташуунун саны эки эсеге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.

Билдирмеге караганда, 2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 1 560 машина алып келинген. Былтыркы жылдын ушул эле маалында 3 392 автоунаа киргизилген болчу.

Маалыматта машиналар Казакстандан көп кирбей калганы айтылат. Аталган мамлекеттен унаанын саны 2 205тен 45ке чейин кыскарган. Россиядан келген автолордун саны 1 071ден 807ге чейин азайган.

Ошол эле учурда Түштүк Кореядан көп автоунаа алып келине баштаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, аталган мамлекеттен келген көлүктөрдүн саны 10дон 405ке чейин көбөйгөн.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости