www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөрдөгү" 3 миң 500 кызматкердин айлыктары 100% төлөндү. Бул тууралуу алтын кендин өндүрүш боюнча аткаруучу директорунун милдетин аткарып жаткан, алтын иштетүүчү фабриканын менеджери Нурдин Усенов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылга жумушчуларды кыскартуу каралган эмес.

Буга чейин "Кумтөр" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров "Кумтөр голд" компаниясынын жетекчилери иштеп жаткан кызматкерлердин айлыгы тууралуу бухгалтердик табелди өчүрүп кеткенин билдирген.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 17-майда "Кумтөр Голд" компаниясын тыштан башкаруу кызматына Тенгиз Бөлтүрүктү дайындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости