www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу ким болот?

Бүгүн, 17-майда парламенттин кезексиз жыйынында «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын маалыматы угулууда.

Анын жүрүшүндө депутат Улукбек Ормонов «Кумтөрдү» ким жетектей турганын сурады.

«Азыр «Кумтөр» менен талашып жатабыз. «Кумтөрдү» ким башкарат азыр? Сиз башкарасызбы?», - деп сурады ал «Кыргыз алтындын» жетекчисинен.

«Кыргыз алтындын» башчысы Марат Чолпонкулов убактылуу тышкы башкаруу жөнүндө мыйзам кабыл алынганын, өкмөт тышкы жетекчини дайындаса, ошол киши башкарарын айтты.

«Президент кол койду, муну тез арада ишке киргизиш керек да. Бул кароосуз калбаш керек. Же Теңгиз Бөлтүрүк башкарабы дейм да, баятан бери эле баарын кылам деп жатпайбы», - деди депутат.

«Бирөөнү запасной кылып даярдап жатабыз. Кызыкчылыктар кагылышы болбосун деп директорлор кеңешинен чыгып жатат. Эртерээк бүтүрүп берсеңер, бүгүн жумушка киргизсекпи деген оюбуз бар болчу», - деди Акылбек Жапаров Теңгиз Бөлтүрүк тууралуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости