www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы башкаруу киргенден бери "Кумтөр голд компани" 44 миң унций алтын сатып, жалпы түшкөн акча 82,234 миллион долларды түздү. Бул туурасында аталган компаниядан кабарлашты.

Ишкана "Кумтөр" учурда адаттагы тартипте иштеп жаткандыгын айтып, алтынды сатуу боюнча маалымат берди.

"Дүң пайда 40,282 миллион доллардын тегерегинде болуп, өзүнүн баасы 41,952 миллион долларды түздү", — деп айтылган маалыматта.

Компания алтындын баасы туруктуу болбой өзгөрүп турганынан улам 16 унций 1813,15 долларга сатылганын, ал эми 28 унцийдин ичинен экинчи партиясы 1893,15 доллардан соодалангандыгын эске салды.

Маалыматта компаниянын бардык салыктар менен бюджетке которулчу акчаларды төлөгөндүгү айтылган. Ишкана кызматкерлеринин айлыгы өз учурунда берилип, керектелүүчү товарларды жеткирип тургандар, кызмат көрсөткөндөр менен толук эсептешүү болгондугун билдиришкен.

Алар тараткан маалыматтын аягына компания мурдагысындай эле ишинде ачыктык принцибин карманарын, мындан ары анын иши Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлөрүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости