www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун каржы башкармалыгынын директору Рысбек Токтогул СИЗО-1ге камакка алынды.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ, 14-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан Р.Т. баш коргоо чарасы каралып, бир айлык мөөнөткө камакка алуу чечими чыккан.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңиз Аяпберген уулу, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышкан.

"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду. Мамлекетке дээрлик 1 млрд сом зыян келтирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости