www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Самаркандга келди

Учурда Россиянын президенти Владимир Путин ардактуу конок катары Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга келди.

Жогорку даражалуу мейманды Самарканд эл аралык аэропортунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 15-16-сентябрда Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин 22-жыйыны өтөт.

ШКУнун саммитине Орусия, Кытай, Индия, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Беларусь, Иран, Монголия, Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстандын мамлекет жана өкмөт башчылары катышат.

Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурелсух, Иран Ислам Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Президенти Ибрагим Раиси, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов буга чейин Самаркандга келишкен.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжан-Армения чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам саммитке катышпай турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости