www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр кенинде Тянь-Шань күрөң аюусу катталды

 Кумтөр кен жайынын аймагында биринчи жолу сейрек кездешүүчү, ак тырмактуу Тянь-Шань күрөң аюусу байкалды. Адистердин айтымында, бул жырткычтын пайда болушу Кумтөрдүн концессиялык аймагында жапайы жаныбарлардын жашоосу жана коопсуздугу үчүн экологиялык жагымдуу шарттар түзүлгөндүгүнөн кабар берет.

Сарычат-Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун маалыматына ылайык, учурда аталган аймакта бул аюунун саны 17 гана башты түзөт. Ушундан улам, жырткычтын Кумтөр аймагынан көрүнүшү экологдор менен окумуштуулар үчүн өзгөчө мааниге ээ жана чоң кызыгууну жаратууда.

Акыркы убакта Кумтөр кен жайы жана ага чектеш аймактарда жапайы жаратылыштын жанданышы биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин Кумтөрдүн аймагында узак убакыттан бери көрүнбөй калган ак куулар кайрадан пайда болгон. Жакында эле кенге жакын жайгашкан Сөөк ашуусунда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кара моюн турна катталган. Ал дүйнөдөгү эң сейрек кездешүүчү канаттуулардын бири болуп саналат.

Экологдордун корутундусуна ылайык, мындай сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттуулардын кайтып келиши Борбордук Тянь-Шандын бийик тоолуу аймактарында экосистеманын туруктуулугун жана жаратылыштын баштапкы абалынын сакталып жатканын далилдейт.

 

Последние новости