www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөрдө" алтын казуу кескин төмөндөдү. Буга дейре Садыр Жапаров убада кылгандай, ит аягыбыздан бери алтын болчу учур өтүп баратат...

"Кумтөрдү" мамлекетте алгандан бери канча пайда көрдүк, эмне уттук эч ким билбейт. Баары жабык. Отчёт жок. 

Кумтөрдү алганда «Центеррадагы» Кыргызстан 33% акциясынан, экологиялык доодон баш тарткан. Центерранын бир жылдык кирешеси 1,3 млрд долларды түзчү. Бул 2019-жылдагы сан. Ошондо Кыргызстан жылына 200 миллион долларлык жылдык дивидендден куржалак калды.

Негизгиси, Кумтөрдүн алтыны жакынкы жылдары түгөнөт. Жаратылышты кайра калыбына келтирүү, рекультивация ишине миллиарддаган доллар сарпталат. Бул милдеттен Центерраны куткарып, жоопкерчиликти Кыргызстан өзүнө алган. 

Мына өткөндө эле жыл башынан берки иш жыйынтыгын алсак, Кумтөр чыгым менен чыгыптыр. Ал эми дүйнөнүн ар жеринде алтын кендери бар Центеррадан жылына үзгүлтүксүз дивиденд алуу мүмкүнчүлүк бар болчу. Эми андай жок. Центерра Кумтөрдүн каймагын калпып алып, болгон милдеттеме, жоопкерчиликтен бошоп куйрук түйүп кетти. Кыргызстан азганактай алтын менен талкаланган экология, уу калдыктардын жоопкерчилигин мойнуна алып, Пушкиндин жомогундагы жыртык тепшисин колуна кармап жайдак калган ач көз кемпирдин кейпин кийип отуруп калды. 

Мына быйыл Акылбек Жапаров Кумтөрдөн "17-18 тонна эмес, 14 тонна гана алтын өндүрөбүз" деп айтты. Кумтөр алты айда 12,5 миллион доллар чыгым болуптур. Дагы алдыда 6 ай бар. Дагы канча зыян менен жыйынтыкталат айтуу кыйын. Себеби, бир унций алтын 1891 сом болсо, алтын өндүрүүгө, казууга кеткен чыгым болсо 2053 сомдон айланыптыр. Ошондо ар бир өндүрүлгөн 1 алтын унцийден 161 сомдон чыгаша тарткан. Демек, Кумтөрдөн киреше түшпөй калды жарым жылдыкта деген сөз...

Булак: NazarNews.kg        

Последние новости