www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда, Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Алай районундагы Түштүк-Батыш бажысынын «Иркештам» автомобилдик өткөрмө пунктунун иши менен таанышты.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков президентке “Эркечтам” өткөрүү пунктунун имараты ыңгайсыз жана талапка жооп бербей турганын айтты. Президент ага ыңгайлаштырып алууга эмне тоскоол болуп жатканын сурады.

«Акча жок болуп жатабы?»,— деп сурады президент.

«Каражат жок болуп жатат»,- деди ал.

«2 жылдан бери эмне кылып жүрөсүң? Келип, 2-3 ай иштегенден кийин ыңгайсыз болсо айтыш керек болчу»,- деди өлкө башчы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости