www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кафеде күзөт кызматкерин токмоктоп, мандатынан ажыратылган ЖКнын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров кайрадан депутаттыкка ат салышат. Ал сентябрда өтчү Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  ЖК депутатын кайра шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдиргени БШКнын сайтында маалымдалды.

28-июлда Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 10-сентябрдаѳтѳ турганЖогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү (ѳзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде) ниети жѳнүндѳ талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтен арыз келип түшкѳн. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2023-жылдын 10-августунда аяктайт.

Өзүн ѳзү кѳрсѳтүү тартибинде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү КР БШКга талапкердин ушул шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталуу ниети жѳнүндѳ арыз берүү жолу менен жүргүзүлѳт.

Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү ар бир талапкер кѳрсѳтүлѳтурган шайлоо округун кѳрсѳтүү менен курултайда ишке ашырылат. Саясий партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди кѳрсѳтүүгѳ укуктуу.

КР БШКнын 2023-жылдын 12-июлундагы № 64 токтому менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрына дайындалган.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке кѳрсѳтүү жѳнүндѳ ниетин билдирген талапкерлердин тизмеси

Талапкердин ФАА

Туулган датасы

Ишинин түрү

Көрсөтүү тиби

Арыз тапшыруу датасы

1

Искаков Эртай Дуйшобекович

22.02.1990

«За Япошки» КБ төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

13.07.2023 14:00

2

Алмаз уулу Аскар

07.11.1993

«Эл Умуту» СП төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

13.07.2023 15:53

3

Булекбаев Эркин Касымович

13.03.1961

"Партия Зеленых Кыргызстана" СП төрагасы

Өзүн-өзү көрсөтүү

14.07.2023

4

Ремнев Роман Павлович

04.05.1983

Коомдук жана саясий ишмер

Өзүн-өзү көрсөтүү

14.07.2023 11:42

5

Бакир уулу Турсунбай

17.03.1958

И.Арабаев а. КМУ

Өзүн-өзү көрсөтүү

14.07.2023 17:45

6

Асылбеков Куттубек Бообекович

02.02.1957

Пенсионер

Өзүн-өзү көрсөтүү

18.07.2023 11:21

7

Нышанов Назарбек  Айтбекович

20.03.1961

Врач, хирург-онколог

Өзүн-өзү көрсөтүү

18.07.2023 16:20

8

Мамаев Сулайман Шамшиевич

16.05.1954

КР АЧМ караштуу М жана ЖИИИ жетекчи илимий кызматкер

 

Өзүн-өзү көрсөтүү

20.07.2023

14:00

9

Какчекеев Токтогул

19.01.1947

Аскер ардагери

Өзүн-өзү көрсөтүү

26.07.2023

10

Абиров Жаныбек Болотбекович

22.12.1988

ЖЧК “ Строй Ленд” директор

Өзүн-өзү көрсөтүү

28.07.2023 14:45

Последние новости