www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус президенти Владимир Путин Африка өлкөлөрүнүн Орусия тарабынан кечилген карызынын жалпы суммасы 23 миллиард доллар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 28-июлдагы Орусия-Африка саммитинин пленардык жыйынында билдирди.

«Орусия Африка өлкөлөрүнүн карыз жүгүн жеңилдетүү аракеттерине да катышууда. Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө биз кечкен карыздын жалпы суммасы 23 миллиард долларды түздү”,-деди мамлекет башчы.

Президент ошондой эле Москва Африка өлкөлөрүнө өнүгүү үчүн 90 миллион доллар бөлөөрүн кошумчалады. Анын айтымында, Россия Федерациясы соода артыкчылыктарын сунуштап Африка континентинин өнүгүшүнө мындан ары да жардам көрсөтүүгө ниеттенүүдө.

Ошол эле учурда орус лидери орус бизнесинин Африкадагы өнөктөштөргө сунуш кыла турган нерсеси бар экенин белгиледи.

27-28-июлда Санкт-Петербургда Орусия-Африка саммити жана экономикалык жана гуманитардык форум өтүүдө. Иш-чарада Орусия менен Африканын бардык деңгээлдеги кызматташтыгы, анын ичинде айыл чарба, медицина, билим берүү, ошондой эле коопсуздук жана көз карандысыздык маселелери талкууланат. Саммитке Африканын 49 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышууда.

Булак: NazarNews.kg        

Последние новости