www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп жашыруун документтерди сактаганы үчүн 5 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, прокурорлор ага үч жаңы айып тагышты, алардын экөө Флоридадагы Мар-а-Лаго мүлкүндөгү байкоо камераларынын видеосун жок кылууга байланыштуу, дагы бири АКШнын улуттук коргонуусуна байланыштуу документтерди атайылап жашырып койгону үчүн.
Документтерге ылайык, видеокөзөмөл камерасын жок кылуу үчүн эң жогорку жаза эки эпизоддун ар бири үчүн 20 жыл, ал эми документтерди атайылап жашыруу үчүн он жылга эркинен ажыратуу каралган. Мындан тышкары, ар бир айып үчүн 250 миң доллар айып пул салынат.
Белгилей кетсек, Трамп бир дагы пункт боюнча күнөөсүн мойнуна алган эмес. Сот документинде жаңы айыптар 2024-жылдын 20-майына белгиленген соттук териштирүүнүн башталышын жылдырбашы керек деп айтылат.
Булак: NazarNews.kg