www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пейил тарып арыган сайын, жаратылыш жазалап жатат. Мындай пикирин журналист Мелис Арыпбек билдирди.

"Эки аптанын аралыгында Ысык-Көлдүн тескей жагындагы пансионаттарда, Жети Өгүз курортунда, андан өйдө Көк-Жайык жайлоосунда эс алып, Бишкектин саратан ысыгынан качып жүрүп, кайтып келдим. Эл арасында сөз бар “Көлдүк өлдүк” – деген. Кимиси таратканын бийбеймин, а бирок, азыркы күндөгү ашыкча ач көздүккө азгырылып, көлдүк туугандардын пейилдери абдан карарып, арып-тарып баратканы абдан кейиштүү көрүнүш...

Муну айткан себебим, өзгөчө менчик таксистердин алкымдары ажыдаардан ашыкча ачылыптыр. Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын” тасмасы тартылган жай, Бөкөнбаевден 5-6 чакырым экен. Ал эми Кажы-Сайдан ал жайлоого жетиш үчүн 11 км аралыкты түзөт. Жолу деле анчейин татаал эмес, эң сонун унаа зыпылдап учуп барат. Ошол жакка барып келүүгө 2,5 миң сомго араң макул болду. Барган себебим, “Ал жак эми укмуш керемет, элдин көбү ал жакта эс алышат!” – деген сөз тараган. Мен ошого арбалып, Эрнест тарткан көрктүү жайды көрүп, ортомчулары жок, таза кымыз ичип, ажайып салкын төр жайга бир- эки саат эс алайын – дегенмин. Арга жок айткан эки жарым миң сомун берип барсам, тасмадагы көрктүү жайлоо жансыз, бир карыш жайкалган чөбү жок, бозоргон жана боздогон жайга айланыптыр. Малчынын ыркыйган атынын кабыргалары арсайып бирден саналат. Тасмадагы Асема айым күүлөнүп чуркаган жерде баягы шаркырап акккан суунун тамчысы жок, кургап, куурап соолуп калыптыр.

Кайгыга баткан калың карагайлар дагы жансыз, турушат муңга батып.

Ошентип, үй ээсинин үйүнө кирип, ага бир китебимди белекке берип, жыгач челекте кычып калган кымызынан бир чыны эптеп ичип, жанагы жаланып- жуктанган таксист менен көпкө кармалбай, кайра ошонун эле убактылуу ижарага алган жайына көңүлсүз кайттым. Кеп акчада эмес эле. Кеп элдин тарыган пейилине жараша, жарыктык жаратылыш дагы ашынган ач көздөрдү жазалап, жайкалган жайыттардагы булактар түгүл, шыңгырап шырылдап, таштардан төмөн күү чертип күңгүрөнгөн суулар соолуп какшып калганында. Жарыктык жаратылыштын жабыркап жараланганын өз көзүм менен көргөнүм үчүн, 2,5 миң сомго анчейин кейибедим. Атүгүл, эртеси, Кажы-Сайдагы өңчөй капкара кабат-кабат кийинип, ошол кейиптери менен шарактап Ысык-Көлдөн чыкпаган кыз-келиндерден тажап, Жеңиш деген айылдагы көлдүн жээгинде эл аз, суусу да таза дегенинен, ал жакка жол тартсам, дагы бир таксист 2,5 миң сомдон түшпөй жеткирди. Себеби, бизде эки чемодан жана балдар коляскасы болгондуктан, маршрутка андай жүктөрдү өлүп баратса албайт экен да.

Муну жазганымдын себеби эмнеде? Эбегейсиз ашыкча акчанын кулу болгон сайын, элдин пейили арып-тарыган сайын, Жаратмандын жандуу жаратылышы да, ошого жараша элге апааттуу күндөрдү жаратып, кургакчылык же болбосо, жазда алма, өрүк гүлдөгөн учурда кар жаадырып, үшүкккө алдырат экен да.
Касиеттүү Ысык-Көл айланасынан не деген даанышман, кеменгер акылман, олуялар, манасчылар, жети акелер чыгышкан. Алар азыркы кара кийинген динбаш катындар чардап көлгө чапчынышып булгамак турсун, жээгине даап барып, жүздөрүн чайкашкан эмес. Ал эми, бүгүн Ысык-Көл жээги, ичи эмнеге айланды? Кытайдын темир боз үйлөрү жайнап тизилип, сасыган ажатканаларга акча төлөп киришкен элдер жайнайт. Он мүнөткө эшекке наристени мингизип келүүгө 150 сом экен ставкасы. Бир чайнек ысык сууга салынган пакет чайы да 150 сом.

Аттиң арман, ким элек? Кимдерге айландык? – дебеске арга жок. Ысык-Көл жыл сайын 10-15 метр жээктен алыстап, соолуп баратат. Эмне себептен? Пейил тарып арыган сайын, жаратылыш жазалап жатат. Ойлонгула Ысык-Көлдүн ашыкча акчанын кулуна айланган эли!", - деди  Мелис Арыпбек.

Булак: NazarNews.kg        

 

Последние новости