www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектепке коюлган бомбалар тууралуу жалган маалымат тараткан адам аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-29-март күндөрү борбор калаадагы мектептердин бирине жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу бир нече жолу кабарлаган “телефон террористи” аныкталды. Ал мектептердин биринин 9-классынын жашы жете элек окуучусу А.А. болуп чыкты, ал бейбаштык кылып Бишкек шаарнын гимназия мектебинин электрондук дарегине “[email protected]” фейк аккаунтунан жалган билдирүү жөнөткөн.

А.А. өзүнүн планын ишке ашыруу үчүн окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында видеооюндардын бири аркылуу жасалма чет элдик аккаунтту сатып алып, андан көрсөтүлгөн мектепке эки жолу анонимдүү билдирүү жөнөткөндүгү аныкталды.

А.А. жашаган жеринде дароо ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, компьютердик техникалар жана уюлдук телефондор алынып, экспертизага жөнөтүлдү.
Ата-энесинин катышуусунда жүргүзүлгөн сурак учурунда А.А. эки мыйзамсыз аракетин - жалган билдирүү жөнөткөнүн мойнуна алып, кылган ишине өкүнөөрүн айтты.

Учурда Бишкек шаарындагы башка коюлган бомбалар тууралуу анонимдүү маалыматтардын ушул сыяктуу фактыларына А.А.нын тиешеси бар экендиги текшерилүүдө. 

Булак: NazarNews.kg 

 


 

 

 

Последние новости