www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күнболот Момоконов, “Айкын саясат” гезитинин башкы редактору:
– Депутат Тазабек Икрамовдун Казакстанда баңгизат менен кармалган депутатыбызды актап-жактап, ЖКнын элдик трибунасында сүйлөп жатышы кызык эле.
Албетте, кесиптештик, мекендештик тилек керек. Кеп башкада болуп жатпайбы. Миңдеген мигранттар чет жерде маңдай тери менен тапкан эмгек акыларын ала албай көз жашын көлдөткөн жарандарыбыздын жанында ал депутаттын иши жогору болуп калыптырбы?
Икрамов элдик милдетин эмес, башкача милдетин аткарып жаткандай эле элес калтырат.
ЖКны таратуу маселеси менимче туура коюлууда. Бизге элдик, эл-жери үчүн күйгөн депутат, жетекчилер керек. Жесин, ичсин, ошого жараша иштей билсин. Жетекчинин мыктысы, өз орду менен жегенди, ошого жараша иштегенди билет. Көзүн табат. Бизде көпчүлүк жегенди эле билет. Бул биздин чоң трагедиябыз…
ЖКнын айрым адамдары, ал жердеги өзүнүн аткара турган милдети менен жоопкерчилигин деле билбейби деп ойлойсуң. Карапайым эл менен бийликтин ажырымы аябай ажырады. Эл өзү оокаты менен алек, бийлик билгенин жасап жатат.
Карапайым эл салык төккүч, жумушчу күч, ооруса да онтоп акча бергич, сүйүнсө да, ыйласа да, кыйнаса да, басса да, турса да, секирсе да акча карматкыч. Четтен инвестиция киргизип жаткандар да эл.
Кечирип койгула, эл ушул кезде бир ууч чиновниктердин «Кыргызстан» деген бизнес борбордун кардарлары гана болуп баратат.
Жаштар Кыргызстанды сактап калышыбыз керек, келечек биздики!
Булак: "Фабула"