www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттыка талапкерлер! Ага-ини, эже –карындаштар!

Реформа кылууну итибизге чейин деле самап калды. Сиздер андан бетер. “Халва, халва дей бергенде эле оозуң таттуу боло бербейт”-дегендей, “Реформа, реформа” дей берсек эле реформа боло бербеси түшүнүктүү.

Келгиле, реформаны өзүңөрдөн баштагыла. Кантип? Парламент жана анын депутаттары Кыргызстандагы эң көп каражат кетирген мекеме экени талашсыз. Миллиондогон акчалар ал жайдын ар түркүн пайдалуу да, пайдасыз да жагына кетет. Баскан-турганын айтпаганда да, курсагыңардын камы үчүн түзүлгөн күзгү концервациялык колдоолор, дарылануу, эс алуу дегендерден баш тартууну демилгелегиле. Абал ушундай. Ага айып этпегиле.

Каржы министрлиги пандемия шартына карабай Жогорку Кеңештин сентябрь айындагы чыгашасына бюджеттен 685.9 миң доллар бөлүнөөрүн айтып чыкты. Бул сом менен алганда 54 млн 242.6 миң сом. Бөлүнгөн каражаттын 70% парламенттин аппаратына жумшалат экен. Бул керек беле?

Ушундай ыксыз, керексиз учурда кабыл алынган токтомдорду токууга реформа кылсаңар, акчаны үнөмдүү, пайдалуу жактарга жумшоону реформаласаңар мүмкүн элге, мамлекетке пайда болот беле?

Менимче, бүгүнкү кыйын кырдаалда башкысы финансыны туура пайдалануу мааниге ээ болуп турат.

Байкасак, парламенттин жылдан жылга чыгашалары көбөйүп, бирок сапаты начарлап баратат. Парламент тарыхында бюджет каражатын сарамжалдуулук менен пайдаланууну легендарлуу парламент көргөзүптүр. 1993-жылы 350 депутат болсо, аларды 49 штат бирдиги тейлеген жана бир жылга 702 миң сом гана чыгымдашкан. Аппаратындагы 53 киши кошулуп, Жогорку Кеңештин бардык чыгымы 4,5 млн.сомду түзгөн.

1995-жылдагы 105 депутаттан турган эки палаталуу Жогорку Кеңеште, гаражды кошкондо 348 штат бирдиги болгон. Аппараты 87, гаражы 144ү түзүп, болгону 40 764,4 миң сомду түзгөн. Ал эми экинчи чакырылыштагы (2000-2005) эки палаталуу Жогорку Кеңешти алсак, Жогорку Кеңештин палаталарынын аппаратынын штаттык бирдиги, материалдык-техникалык департаментти жана гаражды кошуп алганда 783 бирдикти түзүп, Жогорку Кеңешти кармоо үчүн бюджеттен 131 652,2 миң сом каралган.

2005-жылы түзүлгөн 75 депутаттан турган 3-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин бардык чыгымы 170 614 511,42 сом болгон. Анын ичинен депутаттарга 45 804 890,67 сом чыгымдалган.

2007-жылы КР жаңы Конституциясына ылайык, партиялык тизме менен шайланышкан 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турган. Ага ылайык алардын жардамчыларынын, консультанттарынын саны өсүп-180ге жетип, кызматтык машиналардын саны, башка чыгымдар өскөн. Мисалы, 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңешти кармоо үчүн 2008-жылы республикалык бюджеттен 183 424 855,49 сом чыгымдалган экен. Анын ичинен Жогорку Кеңештин депутаттарын кармоого 59 895 458,03 сом жумшалган.

5-чакырылштагы Жогорку Кеңеште 120 депутатты 834 адам тейлеген. Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген 281 кызматкерге 178 млн. сом жумшалса, Жогорку Кеңештин иш Башкармалыгында 183 адам иштеп, ага 82 млн. сом, гаражда 190 адам иштеп, аларга 63,5 млн.сом чыгымдалган. Ошондой эле спикердин жана вице-спикерлердин 7 кеңешчисине 3 млн 295 млн. сом, пресс-катчыларга – 500 миң сом жумшалган. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн 243 жадамчы жана консультанттар каралып, аларга 136 млн. сом оомийин болуп олтурат.

Акыркы 6-чакырылыштын депутаттарынын чыгымдары алардыкынан да көп. Жогорку Кеңеш жыл сайын 786 млн. сом казынадан сурап, бирок 760 млн сомдун тегерегинде чыгымдашат.

Мына силерге реформа. Айтсаңар программаларыңар асмандын башы, а чөнтөгүңөрдө атаңдын башы болуп турганда, акчаларды кайдан табуунун бир жолу ушул.

Өзгөрүүнү өзүңдөн башта!

Күнболот Момоконов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости