www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-мартта Кой-Таш окуясына козголгон кылмыш иши боюнча соттук алдын ала угуу отуруму эртең, 4-мартта уланат. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева Кой-Ташта болгон окуялар боюнча алдын ала соттук угуудан кийин билдирди.
"Бүгүн Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш ишинин алдын ала окуусу аяктады. Сотко 7 прокурор катышты. Алардын аты-жөнүн кийинчерээк атайбыз. Айыпталуучулар болуп 14 киши өтүп жатат.
Алар:
1. Алмазбек Атамбаев
2. Фарид Ниязов
3. Равшан Жээнбеков
4. Ирина Карамушкина
5. Асель Кодуранова
6. Кундуз Жолдубаева
7. Канат Сагымбаев
8. Мээрбек Мискенбаев
9. Фархат Баабиев
10. Канат Осмоналиев
11. Рыспек Карыпбек уулу
12. Марат Шаменов
13. Нооруз Капарбек уулу
14. Асангельды Какебаев
Мындан сырткары, айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелет.
Айыпталуучуларга коюлуп жаткан оор айыптардан өзүбүздүн күнөөбүздү көргөн жокпуз", - деди Кундуз Жолдубаева.
Белгилей кетсек, 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуясы боюнча алгачкы соттук угуу өттү. Соттук отурум жабык режимде өтүп, Алмазбек Атамбаевди сүрөткө жана видеого тартууга уруксат берилген жок.
Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон.
Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.
Булак: NazarNews.kg