www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапалак үкүдөй болгон Жаманкулов деген Юстиция министри бар. 2020-жылдагы «Улуу Октябрь социалисттик революциясынан» соң министрлердин бары кызматынан кетсе да, Жаманкулов жаңырган жок. Жаманкуловдун жаңырбаган себеби, жакшы министрби десек, бул деле «Куйругуна калбыр тагынып» алган шоркелдей экен. Каниметов Адыл Жангорозовичти жандап өскөн бул эргул, анын кайын-журту бийликке келер менен 2018-жылдын сентябрында Атамбаевин «кидать» этип Юстиция министрлигине министр болуп келет. Кудай кубат берсин деп «Мамлекеттик маанидеги күйөө бала» өзү колдоп жатса, буга эмне, «Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат» деген ыкма менен көп жыл иштеген адамдарды негизсиз кызматтан кетирип, куда-сөөктөрүн, тааныштарын алып келе баштайт.
Ушундай жакшы санаалаштарынын бири Абдуллаева Гүлгакыны 2019-жылдын февраль айында Нарын облусунун юстиция министрлигинен жетекчи кылып дайындайт. Бул келер менен ар кимди кодулап кызматынан кетире баштайт, ошолордун бири Нарынбек Уулу Тилекматты ак эмгеги менен эмгек акы таап жаткан кызматынан, өзүнүн кишисин алам сыйың менен бошон деп, мойнуна ар кандай сыйыртмак салып, көз көрүнө коркутуп, кыйнай баштайт. Абдуллаева Гүлгакынын алкымы чоң болгондуктан Башкармалыкка деп бөлүнгөн автоунаага берилген күйүүчү майды өзүнүн күйөөсүнүн, кайын атасынын жана өзүнүн жеке машинасына куюп, аны кыйнап мамлекеттин машинасына куйдум деп кол койдурган.
Абдуллаева Гүлгакы Садыр Жапаровдон башка адамдарга үгүт жүргүзүп жаткандыктан, ага каршы чыккан көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келаткан Карагулов Адырбек Бакасовичти артынан кубалап түшүп, чеки жерден ооруканага жатууга чейин алып барган. Абдуллаева Гүлгакыны колдогон Жаманкуловдун статс-катчысы бул эч нерсе эмес деп кекенип жүрөт дейт. Жаманкулов таянган Каниметов Адыл Жангорозович 2020-жылдын 7-октябрында эле кайын-журту менен кошо кызматынан бошогон. Министрлердин бары жаңыртылды, ал эми Жаманкулов «түшпөс хан» болуп «хамалеончо» жаңы бийликтин такымына жармашкан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg