www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байыркы Римде Калигула деген император болгон. Мамлекет башчысы каалаган адамына күнөө тагып, көзүн тазалап, каалаган адамын маскаралап, шылдыңдап койчу экен. Адамдарга караганда акылдуу деп өзүнүн минген атын сенатка депутат кылып отургузуп койгон. Аны аты эмне мыйзам чыгарганын ким билет, бирок сенатка кадимкидей катышып, айлыгын алып турчу экен. “Күнөөлүүлөрдү дайындаган” балким андан мурун башталгандыр, бирок Калигула “Күнөөлүүлөрдү дайындаганды” сүйчү экен.

Алмазбек Атамбаевдин убагында “Күнөөлүүлөрдү дайындаган” мода болуп кеткен. Канчалаган адамдарга жок жерден күнөө тагылып камалып жатышпадыбы? Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Карганбек Самаков, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Урмат Аманбаева, Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Бектур Асанов, Нурлан Мотуев,  Кубаныч Кадыров, жана башкалар. Булардын көпчүлүгүнүн кылмыш иштери жасалма экендиги аныкталып, камакта бекер убактысын өткөргөнү белгилүү болду. Таяктын эки учу бар, бир учу кайра барып, буларды камагандардын дал өзүнө барып тийди.

Атамбаевди кечээ “Баатыр” катары көрүп, жерге-сууга тийгизбей келгендер четинен сата баштады. Атамбаевдин балын татышканы менен биринчи башына күн түшөрү менен Атамбаевдин мойнуна таш-балакеттер үйүлө турган болду. Анын ичинде депутаттар да бар. Бир карап көрүп император Калигула өз атын депутат кылып туура эле кылганбы деген ой кетет экен. Ат киши депутаттардай болуп сатканды билбейт да...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости