www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куралданган спецназ шаты аркылуу дарбазаны ашып түшүүдө. Ичкери киргенден кийин дагы кыйлага тинтүү жүрдү.

Айтылгандарга караганда, “Костя Канский” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Константин Найбауэрди Орусиянын Красноярск крайында милициянын спецназы колго түшүргөн. Кримтөбөл каршылык деле көрсөткөн эмес.

Орусиянын ИИМи билдиргенге ылайык, 54 жаштагы бул кримтөбөл шаар четиндеги үйүнөн кармалган. Анын үстүнөн “Кылмыштуу иерархияда жогорку даражаны ээлөө” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул орус мыйзамындагы жаңы берене. Ага ылайык, кылмыш чөйрөсүндө кандайдыр бир статусту ээлеген адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мындайча айтканда, “мен мыйзамдагы уурумун” деп эле айтса болду, ал кылмыш жопкерчилигине тартылат. Белгилүү болгондой, кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү статусу тууралуу туура эмес айта алышпайт.

Костя Канскийге 1990-жылдардын аягында криминалдык таажы кийгизилген. Ал 1982-жылы унаа уурдоо жана 2008-жылы мыйзамсыз баңги затын сактоо боюнча кармалып, эки жолу соттолгон.

Ал эми 2011-жылы бул “мыйзамдагы уурунун” өмүрүнө коркунуч келтирген кол салуу болгон – ал өзү жашаган үйүнүн подъездине кирип бара жаткан учурунда аны белгисиз адамдар беш жолу атып кетип, аман калган.

NazarNews.kg

Последние новости