www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир нече күндөн бери өлкөдө “ХАЙП” жаратып келген Курал Чокоевдин YouTube каналындагы “В Пи#зду Звезду” программасы көпчүлүктүн кыжырына тийип, элдин каарына калды.

Ырчысы-чоорчусу, маданият кызматкери, саясатчысы, активисти... Айтор бул программа менен Курал Чокоев тууралуу оюн айтып, жамандаган адам калбаган өңдүү.

Кээ бири “Маданият кызматкери медалын тартып алуу керек” десе, кээ бири “эмнеси бар экен? Кызыктуу программа” деп ажырым ойлор чыгып келди.

Өз учурунда Курал Чокоев бул орус шоу бизнесиндеги “Прожарка” жана “ЧБД” программаларынын гана бир синтези экенин айтып, кыргыз шоу бизнесине эч кандай жаңылык алып келбегенин айтты.

“Мындай форматтагы программалар кыргыз эстрадасынын андерграундунда көп эле болчу. Болгону ал элге жайылчу эмес. Жабык жолугушууларда, же ошондой эле жылдыздардын эс алуу кечелеринде мындай концерттер байма-бай эле өтүп келген”,- дейт Чокоев.

Ошондой эле, өз сөзүндө Курал Чокоев бул программанын чыкканына бир ай болуп, элдин кызыгын жараткан деле эмес. Каналга жүктөлгөн передачаны жактыргандар көрүп эле¸ ызы-чуусуз жашап келе жаткан. Бирок, эл алдында көрүнүктүү адамдар өздөрү “ШОК!”, “ЫЛДАМ КӨРГҮЛӨ!”, “КОКУЙ, КУДАЙ!” деп элди кызыктырып программаны популярдуу кылышкан.

“Бул жерде менин эч күнөөм жок. Силер өзүңөр элди кызыктырып, видеомду таратып, каналымды рекламалап бердиңер. Ал үчүн силерге рахмат!”- деп күлөт Курал Чокоев.

Ошол эле учурда, Илим Карыпбеков, Бердибек Жамгырчиев сыяктуу адамдардын сындары тууралуу да кеп кылып, Илим Карыпбеков сыяктуу адамды тааныбасын айтып, Бердибек Жамгырчиев менен телефон аркылуу байланышып, чай үстүндө жолугалы деп макулдашканын ачыктады.

Бердибек Жамгырчиевдин “Маданият кызматкери медалын тартып алгыла, болбосо күч менен алып койгонго кудурет жетет”,- деген Фейсбуктагы постуна Курал Чокоев:

“Ошол медалыңарды коробкасына салып кайра кайтарып берем, сарсанаа болбогула”,- деп жооп кайтарды.

Сөзүнүн аягында адамдарга программаны көргүсү келбесе жөн эле көңүл бурбоосун өтүнүп, программанын бул жолку чыгарылышында Бакыт Байсариев менен Урмат Борченов конок катары келгенин айтты.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости